Эмизген учурда энеси “молочница” болсо, балага да жугабы? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен “молочница” болуп жатам окшойт. Белгилери кандай? Эмчектеги балама да жугушу мүмкүнбү?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Молочница – бул Candida albicans мите козу карыны козгой турган оору. Ал сүттү жана сүт иштелип чыккан органдарда пайда болот. Бул инфекция баланын оозунун көңдөйүндө же чатында, памперс тийген жерлерде жана энесинин эмчегинин үрпүндө өрчүйт. Айрым учурларда балага жукпайт, кээде жугат. Аны так айтуу мүмкүн эмес. Белгилери:
- үрптөрдүн өңү ачык кызыл болуп калат;
- үрптүн өзү жана тегереги катмарланып, түлөй баштайт;
- кычышат;
- ысып, ачышкансып оорутат.
Баланы эмизип жатканда же сууга түшкөндө ооруганы бир аз басаңдашы мүмкүн. Үрптү кадимки крем менен сүйкөгөндө бир аз жеңилдей түшөт, бирок эффект көпкө созулбайт жана көйгөйдү толугу менен чечпейт.
Дарыгерлер энесине козу карынга каршы крем, ал эми балага атайын суспензия жазып беришет. Ошондой эле организмдеги кадимки флораны кайра калыбына келтирүү зарыл.
Молочницаны алдын алуу үчүн:
- Эгер сүт агып турса, марлиден прокладка жасап, тез-тез алмаштырып туруу зарыл.
- Пахтадан тигилген ич кийим колдонгула, күнүмдүк гигиенаны сактаганды унутпагыла.
- Сүттү саап алуу үчүн атайын каражаттарды колдонсоңор, жакшылап жууп-тазалап, маал-маалы менен кайнатып тургула.
Ден соолукта болгула!