// //

Күрөөсүз насыя кантип алсам болот?

2019.06.07, 10:35
1415

Күрөөсүз насыя кантип алсам болот? Кандай документтер керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.06.2019, 10:36

Гүлдана Боромбаева

"Бай Түшүм" Банкынын универсалдуу башкы адиси

Саламатсызбы! Күрөөсүз насыя алуу үчүн төмөнкү документтер топтомун чогултуп, банкка кайрылсаңыз болот:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • үй-бүлөлүү болсоңуз, жубайыңыздын паспорту менен нике күбөлүк көчүрмөсү;
  • кирешеңизди тастыктоочу документтер;
  • факт жүзүндө жашаган жериңизден маалымкат.

"Бай Түшүм" Банкынан  тез арада берилүүчү күрөөсүз жана кепилдиксиз “Ылдам” насыясын байкап көрсөңүз болот. 

"Ылдам" насыясын алуу үчүн болгону эки документ керек:

  • паспортуңуз;
  • киреше булагыңызды тастыктоочу документ.

Толук маалымат алуу үчүн, www.baitushum.kg сайтына кириңиз же  бул номерлерге чалыңыз: (0312) / (0770) 905-805, WhatsApp (0777) 905-805.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт