Күрөөсүз насыя кантип алсам болот?
2019.06.07, 10:35
1593
Күрөөсүз насыя кантип алсам болот? Кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.06.2019, 10:36
Гүлдана Боромбаева
"Бай Түшүм" Банкынын универсалдуу башкы адиси
Саламатсызбы! Күрөөсүз насыя алуу үчүн төмөнкү документтер топтомун чогултуп, банкка кайрылсаңыз болот:
- паспорттун көчүрмөсү;
- үй-бүлөлүү болсоңуз, жубайыңыздын паспорту менен нике күбөлүк көчүрмөсү;
- кирешеңизди тастыктоочу документтер;
- факт жүзүндө жашаган жериңизден маалымкат.
"Бай Түшүм" Банкынан тез арада берилүүчү күрөөсүз жана кепилдиксиз “Ылдам” насыясын байкап көрсөңүз болот.
"Ылдам" насыясын алуу үчүн болгону эки документ керек:
- паспортуңуз;
- киреше булагыңызды тастыктоочу документ.
Толук маалымат алуу үчүн, www.baitushum.kg сайтына кириңиз же бул номерлерге чалыңыз: (0312) / (0770) 905-805, WhatsApp (0777) 905-805.
0
Пайдалуу жооп