Аябай таарынчаак анан кекчил болуп баратам. Кантип өзгөрөм?
Мен 21 жаштамын, турмушка чыккам. Акыркы кезде аябай таарынчыак анан кекчил болуп баратам. Өткөн-кеткенди эстеп эле, күйөөмө былтыңдаган адат таап алдым. Ушул кыялымдын айынан чоң уруш чыгабы деп коркуп жатам. Кантип өзгөрсөм болот? Шайыр, позитивдүү адам болгум келет.
Карлыгаш Акимкулова
„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт
Таарынычтан кутулуу оной эмес. Бул сезим ортодогу мамилени бузуп, жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Бир күнү жолдошунуз былтыңдап жүргөн жубайынан тажайт, сезимдери өчө баштайт. Сиздин таарынычтарыңыз бала кезиңизден бери келатса керек. Балким ата-энеңизге көп таарынчусуз?
Таарынуу сезимин түшүнүү үчүн акыл-эсиңизди токтотуп, ушул учурда жолдошумдун күнөөсү эмнеде? Эмнени туура эмес кылып жатат? - деп ойлонуп көрүңүз. Андан кийин аны менен ачык сүйлөшүп, сизге жакпаган жерлерин, мамилесин айтыңыз. Эмоциясыз, жайдары түшүндүрүп берүүгө аракет кылыңыз.
Эгер мурункуну эстеп таарынгыңыз келип жатса, өзүңүзгө суроо бериңиз, эскини эскерүүнүн канчалык зарылчылыгы бар, улам эстей берсеңиз кандай жыйынтыкка келесиз?
Таарыныч, кызганыч, кубаныч сезимдерин башкаруу абдан оор. Бирок үйрөнүүгө мүмкүн. Ар дайым ой-жүгүртүп, анализдеп, өнүгүп, жашооңуздагы майда жана күнүмдүк кубанычтарга көңүл бурганды үйрөнүңүз. Өзүңүз кызыга турган иш, хобби табыңыз. Таарынычтар өзүнөн-өзү экинчи планга түшүп калат.
Өз алдынча таарынчтарыңызды жеңүүгө алыңыз жетпесе адискөй психологго кайрылыңыз.
Psihoanaliz.kg борбору Bilesinbi.kg’нин окурмандарына 20% арзандатуу берет. Психологго кайрылгыңыз келсе 0702 32 22 22 телефону аркылуу консультацияга жазылсаңыз болот.