Лазер менен варикозду жок кылуу канча турат? Флеболог жооп берет
2019.06.06, 14:56
1812
Саламатсызбы. Буттагы варикозду лазер менен жок кылса болобу? Акчасы канча?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.06.2019, 14:58
Адылбек Жаанбаев
Флебоцентр Түштүк медицина борборунун жетекчиси, ангиохирург
Лазер менен буттагы варикозду кетирүү салыштырмалуу жаңы ыкма болуп саналат. Операциянын узактыгы бир бут – 30 мүнөт, эки бут – 1 саатка чейин созулат. Артыкчылыктары:
- так калтырбайт
- бейтапка наркоз берилбейт;
- ооруканага жатуунун зарылчылыгы жок;
- режим кармоонун кереги жок;
- операциядан кий ин бейтап дароо бутуна туруп, күнүмдүк жашоосун уланта берет.
Баасы: татаалдыгына жараша бир бут 800$дан жогору, эки бут 1200$дан жогору.
Так баасы УЗИге түшкөндөн кийин аныкталат.
0
Пайдалуу жооп