8 жаштагы балам төшөгүнө сийип коет. Уролог жооп берет
Баламдын жашы 8ден өтсө да төшөгүнө сийет. Түндө ойготсом ойгонбойт, өзү бир аз заарасы чыгып кеткенден кийин гана турат, кармай албай жатат. Энурезден айыккандар барбы? Интернеттен окусам нервден болот деп жазылыптыр, атайын дары деле жок экен. Чоңойсо токтойт дечүмүн, андай болчудай эмес. Чоң жигит болсо да мунусу кала береби деп корком. Кеңеш берип коюңузчу.
Азизбек Абдырасулов
Уролог, медицина илимдеринин кандидаты
Саламатсызбы! Өзүңүз айткандай, энурез оорусу нерв менен байланышкан. Организмдин баарын, анын ичинде табарсыкты да нерв системасы башкарып турат. Бул оору нерв системасынын толук калыптанбаганынан улам пайда болот. Нерв системасынын калыпка келиши менен оору өзү эле өтүп кетет.
Энурездин пайда болуусуна эмоциянын таасири чоң. Эгерда ата-эне баланы көп урушса, бала стресс болуп түнкүсүн заарасын кармай албай калат. Ошондой эле антидиуретикалык гормондун туура эмес иштелип чыгышы, түрдүү инфекциялар, урологиялык жана нерв системасынын оорулары энурезди пайда кылат. Сиз сөзсүз балаңызды дарыгерге алып барып көрсөтүп коюңуз.
Үйдөн бул ыкмаларды колдонуп көрсөңүз болот:
- Балаңыз күндүз дааратканага баргысы келгенде 5-10 мүнөт токтотуп коюңуз. Ал заарасын кармаганга аракет кылганда, нерв системасы табарсыкты башкара баштайт.
- Уктаар алдында суюктукту аз ичириңиз.
- Балаңыз кечкисин 9да уктаса, 11де ойготуп дааратканага алып барыңыз. Бул аракетти 1-2 ай кайталап, кайра 11де эмес 12де ойготуп, улам-улам убакыт аралыгын чоңойтуңуз. Жыйынтыгында рефлекс пайда болот.
- Календарь түзүп, түнкүсүн төшөккө сийбеген күндөрүн белгилеп, “мына карачы, азайып калды”,- деп колдоп туруңуз.
- Сийип койсо урушпаңыз. Көп стресс болсо кайра күчөйт.