// //

Орозо айтта канча үйгө айттап баруу керек? Кадыр Маликов жооп берет

2019.06.04, 14:55
1783

Bilesinbi.kg’нин Орозо айтта канча үйдү кыдыруу керек? Орозо айт канча күнгө созулат? Жана карыз болуп калган күндөрүңдү качан кармоо деген суроолорго теолог Кадыр Маликов жооп берди.

Орозо айтты кантип майрамдоо керек?

Орозо айт жана Курман айт мусулмандардын майрамы. Бул күндөрдү жакшы маанай менен тосуп, ниет кылып коомдук иш чараларга катышуу керек.

Орозо айт канча күн майрамдалат?

Ислам юриспруденциясында канча күн майрамдоо керек деген суроо боюнча карама-каршы пикирлер бар. Айрым илимпоздор Орозо айтты айт намаз күнү бир эле жолу майрамдоо керек деп айтышса, башкалары эки күн майрамдоого уруксат берилет деп билдиришет. Биздин салт боюнча элдер үч күнгө чейин майрамдашат.

Менин айтарым, календарды карап дем алыш күндөргө караш керек. Эгер мамлекет тарабынан эки күн катары менен кызыл күн деп белгиленсе, демек эки күн майрамдаса болот, эгер бир күн дем алыш болсо, анда бир эле күн.

Негизги күн бул айт намаз окулуп дуба кылынган айттын биринчи күнү.

Орозо айтта жети үйгө айттап барыш керек деген чынбы?

Биздин салт боюнча жетиден кем эмес үйгө айттап баруу керек. Бирок исламда канча үйгө баруу керек деген так көрсөтмо жок, ошондуктан бул жөн гана салт болуп саналат. Бирок аталган салтта терең ой камтылган, анын максаты шариатка дал келишет. Бул коңшу-колоң, тууган-туушкан майрам күндөрүн бирге өткөрүп, ынтымактуу болуп коомдун ичиндеги катышты сактап калуунун бир жолу.  

Эгер салт шариатка каршы келбесе, жанан анын максаттарына дал келсе, мындай салтты кармаса болот. Исламдын максаты адамдар бири-биринин үйлөрүнө барып, баарлашып, майрамдарды бирге өткөрүүсү.

Орозодо карыз болуп калган күндөрдү качан кармоо керек?

Орозо учурунда карыз болуп калган күндөрдү колдон келишинче эртерээк кармоо керек. Уруксат берилген максималдуу мөөнөт Орозо бүткөн күндөн тартып кийинки Орозо башталганга чейинки бир жылдык убакыт. Бирок адамдардын көбү унутуп калат, же чыгынбайт. Ошондуктан өткөрүп жиберген күндөрдү эртерээк эле кармап бүтүрүп коюу зарыл. Бирок Орозо айт күнү ооз бекиткенге болбойт.

Маалымат KaktusMedia сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт