// //

Текшерилсем кыз эмес экенмин, ошо күндөн тарта жашагым келбейт

2019.06.04, 13:32
4293

Жашым 24тө. Окуу жайды аяктап жакшы жерде иштейм. Мени 5-6 жашымда коңшу бала зордуктап койгон, ал кезде аны билчү деле эмесмимн. Чоңойгондо ойлоно баштадым. Гинекологго барып текшерилсем: “трещина” бар экен, кыз эмессиң деп айтты. Ушуга чейин бир да жигит менен кыз-жигит болуп да көргөн эмесмин. Дарыгердин айтканын уккандан бери жашоого кызыгым жок, жашагым келбей калды. Колумду сурап келгендер көп, бирок мен корком. Ата-энем ансайын жашың келип калды турмушка чык деп жатышат. Акыркы күндөрү такыр башыман кетпей койду ушул ой. Кеңеш бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.06.2019, 13:33

Карлыгаш Акимкулова

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Бала кезиңизде мындай окуя болгону абдан өкүнүчтүү. Ал учурда сиз менен эмне болгонун тушүнгөн жоксуз. Кийин эс тартканда гана зордуктоо орун алганын билип жатасыз. Тагдырыңыз бузулуп, мындан ары жашоо мүмкүн эместей сезилүүдө.

Сиз күнөөлү эмессиз. Ал кезде кенедей кыз элеңиз. Сизден эч нерсе көз каранды эмес болчу. Өзүңүздү кечириңиз жана кабыл алыңыз. Бул сиздин жеке ишиңиз, эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок.  

Жазгыныңызга караганда терс окуя болгонуна карабастан, өзүңүздүн жолуңузду таап, билим алып, мыкты жумушка кирип иштегенге жетишипсиз. Сиз акылдуу, сымбаттуу аялзатысыз. Өзүңүздү колуңузга алыңыз. Кыздыгыңыз жок болуп калгандыктан кемип калган жоксуз, бузулуп кеткен жоксуз. Мурда кандай болсоңуз ошо бойдон калдыңыз. Ийгиликке жете билген, бийиктерди багындыра алган адамсыз.

Сизди сүйгөн жана бардык өзгөчөлүктөрүңүз менен кошо кабыл алган мырзага сөзсүз жолугасыз. Сиз ошого татыктуусуз.

Эгер коркуу сезимин өз алдынча жеңе албасаңыз адискөй психологго кайрылыңыз.

Psihoanaliz.kg борбору Bilesinbi.kg’нин окурмандарына 20% арзандатуу берет. Психологго кайрылгыңыз келсе 0702 32 22 22 телефону аркылуу консультацияга жазылсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт