Күйөөсү аялына жыныстык оору жугузса жоопко тартылабы? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Эгерде жолдошу зына кылып келип, аялына оору жугузса жоопко тартылабы? Кандай чара көрсө болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, адвокат
Кыргыз Республикасынын Жоркутар жөнүндөгү кодексинде венерикалык оору жугузгандыгы жоопко тартуу каралган.
Кыргыз Республикасынын Жоркутар жөнүндө кодекси
68-берене. Венерикалык оору жугузуу
Венерикалык оорусу бар экенин билген адамдын башка адамга ушул ооруну атайылап жугузуусу, - I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
Оору жугузгандыгы үчүн 20 000ден 30 000 сомго чейинки айып пул салынат. Андан тышкары сиз, сизге келтирген залалдын ордун толтуруп берүүсүн соттон өтүнө аласыз. Сөзсүз РИИБге кайрылып арыз жазыңыз.
Ийгилик!