// //

Досум “сотрясение” болуп дарыланган. Оорусу кайра козголушу мүмкүнбү?

2019.06.01, 20:01
2193

Саламатсызбы. Досум мындан төрт жыл мурун кырсыктап “сотрясение” алган. Андан кийин дарыланып жакшы болуп калган. Азыр эми кайра башы ооруп, кузуп жатат. Оорусу кайра козголушу мүмкүнбү? Ош шаарынан кимге кайрылсак болот? Үй шартында дары ичип дарыланса болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.06.2019, 20:02

Жылдыз Эгенбердиева

Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын Неврология бөлүмүнүн башчысы

Баш мээнин чайкалып калуусунун негизги белгилери:

  • баш ооруйт, кускусу келип, көңүлү айныйт;
  • тамака болгон табити эс тутуму начарлайт, уйкусу азаят;
  • оор абалда өзүн жоготуп, тарамышы түйүлүп талма кармашы мүмкүн.

Оору курчуганы, кайра козголушу ыктымал. Анын себептери төмөнкүлөр:

  • физикалык жактан оор жумуш аткарганда;
  • активдүү спорт оюндары менен машыкканда;
  • психо-эмоциялык күчүркөнүүгө кабылганда;
  • суукка учураганда, вирустук инфекцияга чалыкканда;
  • алкоголь ичимдиктерин ичкенде баш мээнин чайкалышынын белгилери кайра кайталанат.

Баш мэнин чайкалышын өз алдынча дарылоого болбойт! Сөзсүз невропатологго кайрылып, текшерүүдөн өтүп (рентгенге, томографияга, энцефалографияга ж.б. түшүү) керек.

Убагында дарыланбасаңыз өнөкөт баш ооруга чалдыгып, эске тутуу жөндөмүңүз начарлайт. Кааласаңыз 0772547414 номерине чалып мага кайрылсаңыз болот.

Ден соолгуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт