Досум “сотрясение” болуп дарыланган. Оорусу кайра козголушу мүмкүнбү?
Саламатсызбы. Досум мындан төрт жыл мурун кырсыктап “сотрясение” алган. Андан кийин дарыланып жакшы болуп калган. Азыр эми кайра башы ооруп, кузуп жатат. Оорусу кайра козголушу мүмкүнбү? Ош шаарынан кимге кайрылсак болот? Үй шартында дары ичип дарыланса болобу?
Жылдыз Эгенбердиева
Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын Неврология бөлүмүнүн башчысы
Баш мээнин чайкалып калуусунун негизги белгилери:
- баш ооруйт, кускусу келип, көңүлү айныйт;
- тамака болгон табити эс тутуму начарлайт, уйкусу азаят;
- оор абалда өзүн жоготуп, тарамышы түйүлүп талма кармашы мүмкүн.
Оору курчуганы, кайра козголушу ыктымал. Анын себептери төмөнкүлөр:
- физикалык жактан оор жумуш аткарганда;
- активдүү спорт оюндары менен машыкканда;
- психо-эмоциялык күчүркөнүүгө кабылганда;
- суукка учураганда, вирустук инфекцияга чалыкканда;
- алкоголь ичимдиктерин ичкенде баш мээнин чайкалышынын белгилери кайра кайталанат.
Баш мэнин чайкалышын өз алдынча дарылоого болбойт! Сөзсүз невропатологго кайрылып, текшерүүдөн өтүп (рентгенге, томографияга, энцефалографияга ж.б. түшүү) керек.
Убагында дарыланбасаңыз өнөкөт баш ооруга чалдыгып, эске тутуу жөндөмүңүз начарлайт. Кааласаңыз 0772547414 номерине чалып мага кайрылсаңыз болот.
Ден соолгуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз!