Жакшы көргөн кызым ажырашкан, ага үйлөнсөмбү дейм, бирок эл эмне дейт?
Санкт-Петербург шаарында иштейм. Жакшы көргөн кызым турмушка чыгып бир ай жашап ажырашып кетиптир. Учурда ал да Россиянын бир шаарында иштейт. Сүйлөшүп турабыз. Мен ага ушунчалык жакынмын, ал тууралуу көп ойлоном. Өмүрлүк жарым кылып алсамбы дейм, бирок элдин сөзүнөн корком, ошондуктан оюмду ишке ашыра албай жатам. Кеңеш бериңизчи?
Алла Клевакова
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, психолог
Бактылуу болгусу келген адамдар башканын пикирин ойлоп, өзүнө-өзү тыюу салганы абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Элдер сүйлөй берет. Сиз үчүн кимдин оюу маанилүү? Ошол адамдарды элестетиңиз (негизинен жакын адамдар), алар сизге эмне деп айтышат, элестетип көрүңүз. Алардын айткан сөзүнөн жашооңуздун эмнеси өзгөрөт?
Ошондой эле өзүңүздү 10 жылдан кийин элестетип көрүңүз. Азыркы кездеги өзүңүзгө кандай кеңеш берет элеңиз? Сиз чындап ал кыз менен бирге болгуңуз келип жатабы? Сиз үчүн башкалардын пикири маанилүүбү же өзүңүздүн каалооңуз маанилүүбү?
Ушул суроолорго жооп бергенден кийин бир чечимге келе аласыз.
Бактылуу болунуз!