Жолдошум Өзбекстандын жараны, Кыргызстандыкын кантип алсак болот?
2019.05.31, 14:14
1115
Жолдошум Өзбекстандын жараны, өзүм Кыргызстандын жаранымын. Бул жакта жашаганыбызга он жыл болду. Нике күбөлүгүбүз, эки балабыз бар. Жолдошума кантип жарандык алсак болот? Кандай документтерди даярдашыбыз керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.05.2019, 14:15
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:
- туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (түп нускасы, 2 көчүрмө);
- никелешүү же ажырашуу күбөлүгү (түп нускасы, 2 көчүрмө);
- паспорт (2 көчүрмө);
- балдары бар болсо ар биринин туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү, эки ата-эненин тең жарандыгын алмаштырууга макулдугу, жазуу түрүндө;
- жолдошунун жарандыгын алмаштыруусуна каршы эмес деген маалымкат, нотариуста тастыкталган;
- жашоого жетиштүү, мыйзамдуу каражат булактары бар экенин тастыктаган документ;
- жашаган жеринен маалымкат;
- жашаган үйдүн кожоюндун каттоого уруксат берүүчү макулдугу, нотариуста тастыкталган;
- сатуу-сатып алуу документтери;
- СПИД борборунан, психикалык оорулар борборунан жана наркологиялык борборунан маалымкаттар;
- каттала турган үйдүн техпаспорту;
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 4х6 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- 2 скросшиватель;
- жашаган жерине караштуу паспорт столуна документтер тапшырылып, мамлекетке салык төлөнөт;
Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин, паспорт алуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- никелешүү же ажырашуу күбөлүгү (түп нускасы, 2 көчүрмө);
- 7 үлгүсүндөгү/16 үлгүсүндөгү карточка же үй китепчеси;
- эки сүрөт (паспорт столдун өзүндө тартылат);
- ПИН Социалдык коргоо документи;
- арыз;
- паспорт үчүн төлөнүүчү салыктын квитанциясы.
Жарандыкты алуу үчүн 2000 сом салык төлөнөт.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп