Күйөөм ажырашкандан кийин мазактап, кемсинтип жатат. Милиция жазасын бере алабы?
Саламатсызбы! Күйөөм менен ажырашкам. Азыр 5 айлык боюмда бар. Күйөөм мага ар кандай жаман сөздөрдү айтып, кемсинтип, "бала менден эмес" деп мазактап, төрөлө элек балага сөз тийгизип жатат. Милицияга кайрылсам, жазасын алабы?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, бир жакшы сөз бар «Кыздын кырк чачы уулу» же «Бейиш эненин таман астында» деген. Бүгүнкү күндө аялдардын аброю кескин түрдө төмөндөп кетти жана сиздин окуяңызга окшош кырдаалдар көп кездешүүдө.
Сиз эркин жана көптөгөн укуктарга ээ адамсыз. Күйөөңүздүн ар кандай жаман сөздөрдү айтканы туура эмес. Ошондой эле балага айткан сөзү алсыз адамдын сөзү.
Сиздин милицияга кайрылууга укугуңуз бар жана сиздин кайрылууңузду мыйзам чегинде милиция кызматкерлери карап чыгышат.
Ал эми, кандай жаза алаары териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча белгилүү болот.