"Жайкы банкир" мектеби - банкта иштегиси келгендер үчүн сонун мүмкүнчүлүк!
2019.05.31, 09:37
1170
Банкир болууну кыялданасызбы? Кыялыңыз июнда орундалып калышы мүмкүн.
“Бай Түшүм” Банкы университет жана колледж бүтүрүүчүлөрүн ушул жайда Бишкек жана Ошто өтө турган “Банкир мектебине” чакырат.
Мектептен:
• каржы менен иш алып барганды
• кардарлар менен сүйлөшкөндү
• атайын банктык программаларды колдонгонду
• келишимдер менен иштегенди үйрөтөт.
Кайсы адистик боюнча дипломго ээ болгонуңуз маанилүү эмес!
Резюмеңизди “Жайкы банкир мектеби, Бишкек” же “Жайкы банкир мектеби, Ош” деп белгилеп, baitushum@baitushum.kg дарегине жөнөтүңүз.
Мектептен билим алуу акысыз, мыкты бүтүрүүчүлөрдү “Бай Түшүм” Банкына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү күтөт.
Сабактар, Бишкекте – 17-июнь, Ошто-8-июлда башталат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.