// //

Темпераментке жараша кесип тандоо

2019.05.30, 15:26
3667

Өзүңдүн темпераментиңди төмөндөгү сыпаттамаларды окуп аныктап алсаң болот. Жалаң эле бир темпераментке тиешелүү адамдар чанда кездешет. Ошондуктан дароо экөөсүн тандап алсаң болот. Биринчиси – негизги, экинчиси – кошумча.

Холерик

Күчтүү, кызыл кандуу, тынымсыз кыймыл аракетте болуп турат. Бул импульсивдүү, жалындап күйүп турган адам. Бир нерсени баштаса баш оту менен кирип, жан дилин берип жасайт. Кыйынчылыктарды айланып өтпөстөн жеңип чыгат. Энергиясы ашып-ташып турат. Сүйлөгөндө үнүн катуу чыгарып, көп жаңсайт. Эмоцияларын башкара албайт, чыдамы жок. Маанайы тез-тез өзгөрүп турат.

Ылайыктуу кесиптер: сатуулар боюнча менеджер, радио же теле алып баруучу, режиссер, дизайнер, гид ж.б. Адамдар менен мамиле курууну талап кылган кесиптер.

Сангвиник

Күчтүү, ачууга алдырбайт, жаны тынбайт. Ар дайым кыймылда болуп турат, көптү билгиси келет, ийкемдүү, ак көңүл. Эч качан башын жерге салып калбайт, көйгөйдү чечүүнүн жолун издеп, алдыга умтулуп турат. Адамдар менен тез тил табышат. Боорукер, маңдайы жарык.

Ылайыктуу кесиптер: журналист, экономист, адвокат, мугалим. Кыскасы, коммуникабелдүүлүктү жана ийкемдүүлүктү талап кылган кесиптер.

 Флегматик

Бир мүнөз, инерттүү, туруктуу. Өзүн токтооо алып жүргөн флегматиктерди ызы-чуу салып, кыйкырып жатканын элестетүү мүмкүн эмес. Кандай болбосун конфликттерди жек көрүшөт. Оор басырыктуу жана чыдамкай адамдар. Алардын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын аңдап билүү өтө оор. Флегматиктер жаңы кырдаалга жана турдүү өзгөрүштөргө дароо көнө койбойт. Бул адамдар шашпай, дыкат жумуштун майын чыгарып иштешет.

Ылайыктуу кесиптер: инженер, дарыгер, лаборант, агроном, системалык администратор ж.б. Флегматиктер үчүн эмоцияны жыйыштырып коюп так анализ жүргүзүп чечим кабыл алууну талап кылган кесиптер ылайыктуу.

Меланхолик

Оома, инерттүү, уяң. Тарынчаак, сезимтал, катуу айтылган сөздү көтөро албайт. Меланхоликтер башка адамдардан оолак болууну жактырышат. Көнүмүш жана тынч кырдаалда гана иштеп мыкты көрсөткүчтөргө жетет. Кишинин ички дүйнөсүн алдына салып берип койгондой окуй алат, баарлашканда абдан этият. Жаңы нерселерди кабыл ала албайт. Тааныш эмес коомдо өзүн ыңгайсыз сезет.  

Ылайыктуу кесиптер: жазуучу, сүрөтчү, окумуштуу, программист, психолог, архитектор ж.б. Башкалар көрбөгөндү байкап, деталдарга маани берүүнү талап кылган кесиптер.

Маалымат бул жерден алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт