Кош бойлуумун, жатыным кычышып, түнү менен уктатпай чыгат. Эмне кылышым керек?
2019.05.30, 13:33
2642
Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, жатыным түнү менен кычышып, уктатпай чыгат. Кандай дары колдонушум керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.05.2019, 13:34
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Буга эки себеп болушу мүмкүн:
- Бала чоңойгон сайын ичиңиз да чоңоюп, териңиз мындай өзгөрүштөргө даяр эместигин көрсөтүп жатат. Ошондуктан атайын крем же майларды колдонуу зарыл. Эң жөнөкөйү зайтун майы - кычышканды басып, теринин тартылуусун алдын алат.
- Маселе боордо болушу мүмкүн. Лабараторияларга барып боор тестин тапшырып көрүңүз. Майлуу, туздуу тамактарга жана газдалган суусундуктарга чектөө койгонуңуз туура болот.
0
Пайдалуу жооп