ЗАГСыбыз кыркылган эмес, экинчи аялы менен каттоодон өтө алабы?
Саламатсызбы! Мен 30 жаштамын. Күйөөм менен жашабаганыма 4 жыл болуп калды. Ортодо бир кыз бир уулубуз бар. Балдар мени менен. Күйөөм башкага үйлөнгөн. Мен башка турмуш кырган жокмун. ЗАГСыбыз кыркылган эмес. Балдарым документте толук кандуу үй-бүлө болсун деп өмүр бою кырктырбай койсом туурабы? Күйөөм экинчи аялы менен каттоодон өтө алабы? Же бир жаран бир эле жолу ЗАГСтан өтүшү керекпи?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик катттоо кызматынын пресс-катчысы
Урматтуу окурман, Кыргызстандын мыйзамына ылайык, ар бир жаран расмий түрдө бир гана кишиге үйлөнө алат. Башкача айтканда, сиз менен ажырашмайынча, башка аял менен ЗАГСка тура албайт.
Сиз ажырашканыңыз менен балдарыңыздын документтери өзгөрүүсүз калат. Себеби, ЗАГС кыркылса дагы жолдошуңуз аталык укугунан ажырабайт.