// //

Боюма бүтпөй атат. Интернеттеги дарыларды алып ичсем болобу? Гинекологдун жообу

2019.05.29, 15:07
1307

Саламатсызбы. Силерге экинчи ирет кайрылышым, жооп бергениңизге чоң рахмат. Мага гинекологдун кеңеши керек. Мен 23 жаштамын, турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Бирок боюма бүтө элек. Жолдошум экөөбүз тең дарыланып, анализдерибиз жакшы чыккан. Спермограммасынын көрсөткүчү 74% чыкты. Кыргызчылык да жардам берген жок. Интернетте дарылардын жарнамалары көп, ошолорду алып ичсе болобу? Абдан балалуу болгум келип жүрөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.05.2019, 15:07

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин тукумсуздуктан дарылай турган панацея иштелип чыга элек. Интернетте жарнамаланып жаткан дарылардын көпчүлүгү БАД болуп эсептелинет.

Ар бир түгөйдүн өзүнө гана тиешелүү көйгөйү болот. Дарылоо индивидуалдуу жүрөт. Бирине жардам берген ыкма же дары башкасына да жардам берет деп айтуу кыйын. Тукумсуздуктун факторлору жана себептери өтө көп. Ошондуктан, алгач себеби аныкталып, андан кийин ага ылайык этап-этабы менен дарылоо жүргүзүлөт. Медициналык адистердин көзөмөлүндө тынымсыз болуу керек.

Ал эми БАДды ичүү же ичпей коюу бул ар бир адамдын жеке чечими. Эгер сиз ала турган продукт сертификациядан өтүп, сиздин ден соолугуңузга зыянын тийгизбесе жакшы. Айрым учурларда оң жактарын да байкашыңар мүмкүн. Бирок интернетте жазылгандардын бардыгына ишене берген болбойт.

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт