Жолдошум биринчи аялы менен ажыраша албай жүрөт. Эмне кылсак болот?
2019.05.29, 14:15
1736
Турмушка чыкканыма эки жыл болду, ортобузда бир кызыбыз бар. Бирок жолдошум биринчи жубайы менен мыйзамдуу түрдө ажыраша элек. Биринчи аялы арыз жазгысы келбейт экен. Жолдошум ажырашууга чакырса, макул болуп туруп, документтерди айрып, ызы-чуу салып туруп кетип калат экен.
Ортолорунда бала болбогондон кийин, жолдошумдун жазган арызы менен эле автоматтык түрдө ажырашса болобу?
Рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.05.2019, 14:22
Нурислам Раимжанов
Юрист
Жолдошуңуздун мурунку келинчеги никени бузууга макул болбой жатса, КРнын Үй-бүлө кодексинин негизинде күйөөңүз мурунку келинчеги жашаган аймак боюнча сотко кайрылсын. Сот ажырашуу тууралуу чечим чыгарып берсе, ошол чечимдин негизинде ажырашуу тууралуу күбөлүк ала алат.
0
Пайдалуу жооп