Эжемдин кызын апамдын атына жаздырып алсак болобу?
2019.05.29, 12:38
1058
Саламатсызбы! Эжемдин кызын апамдын атына жаздырып алсак болобу? Атамдын фамилиясын алып жүрөт, бирок төрөлгөндөн бери апамдын колунда. Алдын ала рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.05.2019, 12:47
Нурислам Раимжанов
Юрист
Окурман, эжеңиздин кызын апаңыз өзүнүн атына жаздырып алса болот. Бирок анын өзүнүн тартиби бар.
Биринчи, социалдык коргоо уюмунун, балдарды коргоо бөлүмүнө кайрылуу керек. Ал жактан керектүү документтер тизмеси берилет.
Апаңыз кызды асырап алуу жолу менен өзүнө өткөрүп алат. Балдарды коргоо бөлүмү асырап алуунун негизинде корутунду чыгарып берет. Ошол корутундунун негизинде сотко кайрылат. Соттук тартипте баланы асырап алуу боюнча чечими чыкканда, ЖААКка кайрылып кызды өзүнүн атына жаздырып алат.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп