Кош бойлуу аял жыныстык катнашка барганда сактанышы керекпи?
Кош бойлуу аял сактанбай эле кошулса болобу? Боюна бүтүп калса, биринчи баласын канча убакытка чейин эмизүү керек?
Гүлзина Мадраимова
Акушер - гинеколог
Урматтуу айым, күйөөң экөөңөрдүн ден соолугуңар жакшы жана бири-бириңерде жыныстык инфекция жок болсо сактанбай эле кошула берсеңер болот.
Эгерде жыныстык сезгенүү, цистит, жыныстык инфекция ж.б болсо, анда бойго бүткөндөн баштап, төрөп, баланы эмчектен чыгарганга чейин презерватив колдонгонуңар оң. Себеби, жолдошуң даарыланган күндө да, сен кош бойлуу болгонуңа, андан кийин эмизгениңе байланыштуу, толук дарылануу мүмкүн эмес.
Бактыгүл Муратова
Гинеколог
Кош бойлуу кезде баланы эмизүүгө болбойт. Эмизген сайын жатынга күч келип, бойдогу түйүлдүктүн түшүп калуу коркунучу бар.