// //

Сүннөткө отурса жыныстык катнаш узагыраак болот деген чынбы? Уролог жооп берет

2019.05.28, 16:11
3642

Жашым 28де, үйлөнө элекмин. Кичине кезимде сүннөткө чала отургузулган экемин, жыныстык катныш учурунда тез бүтөм. Сүннөткө отурса жыныстык катнаш узагыраак болот деген чынбы? Кандай зыян жактары бар? Лазер менен жакшыбы же хирургиялык жол менен жасатыш керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.05.2019, 16:17

Азат Бейшенов

“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог

Лазер менен болобу же хирургиялык жол менен болобу айырмасы жок. Ооба, сүннөткө отургандан кийин жыныстык катнаш узарышы мүмкүн. Бул процедуранын терс жагы жокко эсе.

Medportal.ru сайтында бул тууралуу мындай деп жазылган.

Сүннөткө отургузуунун артыкчылары деп төмөнкүлөр айтылат:

  • жыныс системасындагы шишиктердин (опухоль) пайда болуусун алдын алат;
  • жыныстык актынын узартат;

Жыныстык мүчөнүн учундагы ашыкча терини алып салгандан кийин, фаллос жыныстык катнаш учурундагы сүрүлүүгө мурункудай сезимтал болбой калат, бул өз кезегинде эркектеги оргазмдын келишин узартат. Ошондуктан дарыгерлер уругу эрте түшкөн айрым мырзаларга сүннөткө отурууну сунушташат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт