Москвада иштейм, кызымды сагындым, бирок иштеп акча чогултушум керек
Саламатсызбы. Мен ажырашкан аялмын. Сегиз жаштагы кызымды кайын энем карайт. Москвада иштеп жүргөнүмө бир жылдын жүзү болуп калды. Кыргызстанга кызымдын жанына баргым келет, аябай сагындым. Бирок иштеп үй алышым керек. Аябай кыйналып кеттим. Мага кеңеш бергилечи?
Виктория Исакова
“Илим” билим берүү комплекси, Психологиялык колдоо борборунун жетекчиси, психолог
Кутман күн! Албетте эне үчүн балдарынан алыс болуу өтө оор. Кыстаган турмуштун айынан алыс жака барып иштөөгө аргасыз болуп жатасыз. Кыйналганыңыз аз келгенсип, баланын алдында өзүңүздү күнөлүү сезүү сезими да жүрөктү эзип жатат.
Алгач эмне үчүн мындай кадамга барганыңызды так түшүнүп, билип алуу керек. Мындай чечим кабыл алууңузга эмне себепкер болду?
Кызыңыз менен тынымсыз байланышып, сүйлөшүп туруңуз. Сиздин жашооңузда болуп жаткан окуяларды айтып бериңиз, анын да жашоосу тууралуу кызыгып сураңыз, кеңеш бериңиз, кеңеш сураңыз. Ошону менен өзүңүздүн мээримиңизди жана кам көрүүңүздү билдириңиз.
Ал эми жаман ойлор, сагынуу, кусалык басканда, алдыга койгон максатыңызды эстеп, ийгиликке жетүүнү көздөңүз.
Ийгилик!