// //

2019-жылы Жалпы республикалык тестке катышуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк

2019.05.28, 13:28
1465

Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай себептер менен белгиленген мөөнөттө тестке катыша албай калгандыктан КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору  кечиктирилген тест өткөрүү жөнүндө кабарлайт.

Бул тестке каттоо (кайрадан каттоо) 11-20 июнда жүргүзүлөт. Тест 22-23 июнда өтөт. Кечиктирилген тестти 2019-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат.

Эгерде абитуриент 2019-жылы каттоодон өтүп, бирок ар кандай себептер менен тестке катыша албай калса, жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал кайсы жерден каттоодон өтсө, ошол жакка барып, кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш.

Абитуриенттер милдетүү түрдө форма 3тү (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын жана инсанды күбөлөндүргөн документин алып келүүсү керек. Туулгандыгы  жөнүндө күбөлүк инсанды күбөлөндүргөн документ болуп саналбайт!

Каттоодон 2019-жылы Жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер өтө албайт.

Каттоого керектүү болгон документтер:

  1. Каттоо төлөмдөрүн төккөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы. Тестке катышуу үчүн каттоо акысы ар бир тест үчүн 320 сомду түзөт.

      2. Инсанды күбөлөндүргөн документ (паспорт же  аскердик күбөлүк);

Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү мүмкүн эмес!

      3. 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;

      4. Мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы.

2018-жылдын бүтүрүүчүлөрү, бүтүрүүчү экенин тастыктаган директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты тапшыруусу зарыл. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басылышы керек.

Жогоруда  саналган документтердин бирөөсү жок болсо каттоо жүргүзүлбөйт!

Кененирээк маалымат үчүн:

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт