2019-жылы Жалпы республикалык тестке катышуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк
Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай себептер менен белгиленген мөөнөттө тестке катыша албай калгандыктан КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору кечиктирилген тест өткөрүү жөнүндө кабарлайт.
Бул тестке каттоо (кайрадан каттоо) 11-20 июнда жүргүзүлөт. Тест 22-23 июнда өтөт. Кечиктирилген тестти 2019-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат.
Эгерде абитуриент 2019-жылы каттоодон өтүп, бирок ар кандай себептер менен тестке катыша албай калса, жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал кайсы жерден каттоодон өтсө, ошол жакка барып, кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш.
Абитуриенттер милдетүү түрдө форма 3тү (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын жана инсанды күбөлөндүргөн документин алып келүүсү керек. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк инсанды күбөлөндүргөн документ болуп саналбайт!
Каттоодон 2019-жылы Жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер өтө албайт.
Каттоого керектүү болгон документтер:
- Каттоо төлөмдөрүн төккөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы. Тестке катышуу үчүн каттоо акысы ар бир тест үчүн 320 сомду түзөт.
2. Инсанды күбөлөндүргөн документ (паспорт же аскердик күбөлүк);
Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү мүмкүн эмес!
3. 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;
4. Мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы.
2018-жылдын бүтүрүүчүлөрү, бүтүрүүчү экенин тастыктаган директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты тапшыруусу зарыл. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басылышы керек.
Жогоруда саналган документтердин бирөөсү жок болсо каттоо жүргүзүлбөйт!
Кененирээк маалымат үчүн: