Айдоочулук күбөлүгүмдү кантип калыбына келтирсем болот?
2019.05.28, 11:38
3265
Айдоочулук күбөлүгүмдү жоготуп алганыма эки жыл болду. Машинемдин жоктугуна байланыштуу, ал жөнүндө ойлонгон деле эмесмин. Кантип кайра калыбына келтирсем болот? Кайсы жака кайрылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.05.2019, 11:39
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Урматтуу окурман, алгач айдаганды үйрөнгөн жерге барып, окууну ийгиликтүү аяктады деген сертификатты аласыз. Андан соң катталган жериңизге караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына кайрыласыз. Жаныңызда:
- өздүк учеттук карта;
- 083 үлгүсүндөгү маалымкат;
- паспорт болсун.
Сизге убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет. Эки айдан кийин кадимки күбөлүктү аласыз. Мамлекетке төлөнүүчү салык 10 евро.
0
Пайдалуу жооп