ЗАГСты өзүм эле барып алсам болобу? Эксперт жооп берет
2019.05.27, 12:07
1034
Менин күйөм Москвада. Биз ЗАГС ала элекпиз. Жакында төрөйм, ошого ЗАГСты өзүм эле барып алсам болобу? Же сөзсүз күйөөм менен барышым керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.05.2019, 12:08
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы окурман. Тилекке каршы, мыйзам боюнча үйлөнүү жөнүндө күбөлүктү жалгыз ала албайсыз, сөзсүз жолдошуңуз менен бирге барышыңыз керек. Арыз жазганда эки жарандын тең макулдугу алынат. Жаныңызга паспортторуңузду да алып алыңыз. Мамлекеттик күбөлүк үчүн 110 сом акы төлөнөт.
0
Пайдалуу жооп