// //

Кайын энемдин үйүн кантип өзүбүзгө өткөрүп алсак болот? Юрист жооп берет

2019.05.25, 11:25
1242

Саламатсызбы. Менин суроомо жооп алып берүүңүздү суранам. Кайын ата, кайын энем өтүп кеткен. Алар салган эски тамдын ордуна жаңы үй салдык, бирок үй дагы деле кайын энемдин атында. Жолдошум РФтин жараны. Үйдү жолдошумдун атына кантип өткөрүп алсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.05.2019, 11:26

Ширин Алмазова

“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, юрист

Сиздин жолдошуңуз энесинин туруктуу жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык конторага кайрылып, мураска өткөрүп алуу укугу боюнча күбөлүк берүү арызы менен кайрылышы керек. Арызга:

  • энесинин каза болгондугу тууралуу күбөлүгү;
  • өзүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • ушул үйдө энеси менен бирге жашагандыгын тастыктаган 50 формасындагы маалым кат;
  • ушул үйгө укугун далилдөөчү документ (үйдү сатып алгандыгы тууралуу келишим, ж.б.);
  • Мамкаттоо кызматынан аталган үйгө выписка;
  • мамлекеттик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциясы тиркелет.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт