// //

Атам апамды эмес, башка аялдарды кафеге алып барат. Бир үй-бүлө баяны

2019.05.24, 14:41
3993

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул окурмандын катында атасынын кайдыгерлиги жөнүндө айтылат.  

Үй-бүлөсү үчүн акча жок, башкаларга бар

17 жаштамын, үйдүн кичүүсүмүн. Көйгөйүм атам тойлорго, конокко барганда ичип алат, анан ичкенин көтөрө албайт. Чаң тополоң салбайт, бирок сөзү менен адамды тирүүлөй жеп коёт. Апам байкуш баарын билгизбегенге аракет кылат. Кызганчаак, өткөндү эстеп кайдагыларды айтат.

Жаныма тийгени, үйгө акча зарыл болгондо же азык-түлүк түгөнгөңдө, акча жок эле дей берет. Кечинде акырын телефонун алып текшерсем, башка аялдар менен сүйлөшөт экен. Жазышкандарын көрүп жүрөгүм ооруду. Аларга ар нерсе алып бергенге, кафеге алып барганга акчасы бар. А биз үчүн жок. Эмне кылышым керек? Барган сайын жек көрүүм күчөп барат. 

Гүлмира Молдокулова, психолог

Жазганыңа караганда, учурда кыйын абалда турасың: чымыркануу, уруш-талаш, кордоо. Баарын түшүнүп турам, бирок биз ата-энени тандабайбыз. Болуп жаткан абалды болгондой кабыл ал. Башкача айтканда, атаң ушундай, башка ата жок. Бир нерсени түшүн, адам өзү каалабаса, аны башка бирөө өзгөртө албайт. Андыктан, атаңды өзгөртөм деген каалоңдон баш тарт. Сен өзүңдүн көз карашыңды бул абалга ылайыктап өзгөртө аласың. 

Өзүбүздүн көз карашты болуп жаткан абалга өзгөрткөндө, ошол абал өзү өзгөрө баштайт.

Балким атаңдын ушинтип ичип, урушчаак болуп калганынын өзүнүн себептери бар. Көбүнчө адам качан ичип баштайт? Кайгы-капасы жана оорусу бар болсо. Бирок, бул атаңдын иши.

Биринчиден өзүңдөгү жек көрүү, ачуулануу эмоцияларынан арылышың керек. Атаңа болгон жек көрүү сезимдерин кагазга жазсаң, сендеги эмоциялар сыртка чыгат. Эң маанилүүсү терс эмоцияларды ичиңе калтырбай чыгарып туруу маанилүү, болбосо ден соолукка зыян.

Дагы бир кеңеш, кылдаттык менен атаңдын жүрүш-турушун изилдеп көр. Кайсыл убакта, сен эмне кылганда анын ачуусу келип баштайт, эмне болгондо уруш башталат, мына ушулардын баарын билип алышың керек.

Атаң соо болгондо, бул окуялар жөнүндө ачык сүйлөшүп көр. Балким, баары ата-энеңдин ортосундагы эркек-аял мамилеси менен байланыштуу болуп жүрбөсүн. Идеалдуу дүйнөдө ата-эне бири-бирин, балдарын сүйөт жана ынтымактуу жашайт. Тилекке каршы, көбүнчө мындай болбойт. Мүмкүнчүлүгүң болсо, психологго кайрылып кеңеш ал. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт