Жигитим кекечтенет, балдарыбыз да кекеч болуп калабы?
Саламатсызбы! Менин жигитим кекечтенет. Апам, "балдарыңар да кекеч болуп калат!" - деп, мамилебизге каршы чыгып жатат. Сурайын дегеним, кекечтенүү тукум куушу мүмкүнбү?
Динара Токсонбаева
Логопед
Саламатсызбы! Ата-энелердин көбү кекечтенүү ген аркылуу берилип, тукум кууйт деп ойлошот. Бирок бул жаңылыштык. Кекечтенүү эч качан ата-энеден балага өтпөйт. Бул корккондон улам пайда болот. Ошондой эле, эгерде атасында, энесинде же бир туугандарынын биринде кекечтенүү бар болсо, жаңы төрөлгөн бала чоңойгон сайын алардын айткандарын угуп, сиңирип алып, сүйлөп баштаганда кайталайт. Мындай учурда жаш баланы үй-бүлөсүнөн бөлүп койсо, анда ал нормалдуу эле сүйлөйт. Менин практикамда мындай учурлар көп болгон.