ЖРТ жыйынтыктарын талону жок алса болобу? Адис жооп берет
2019.05.24, 11:38
1460
Саламатсызбы! Ишиңизге ийгилик! Бүгүн ЖРТ тапшырып бүттүм, бирок талонумду жоготуп алдым. Анын кереги жокпу? Эгер керек болсо аны кайра каяктан жасатам? Талону жок тест жыйынтыктарын алалбай каламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.05.2019, 11:42
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Жалпы республикалык тесттин талонун жоготуп алсаңыз эч нерсе болбойт. Тестке кайсы жерден катталсаңыз, ошол жакка барып, "талонумду жоготуп алдым, тест тапшыргам, акысын төлөгөм, сертификатымды берүүңүздү өтүнөм" деп арыз жазасыз. Анан алар беришет, бул стандарттуу эле процедура.
Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп