Аскерге баргандан кийин ошол жерде калып иштесе болобу?
2019.05.23, 13:42
1069
Аскерге баргандан кийин ошол жерде калып иштесе болобу? Же сөзсүз аскер академиясын бүтүрүшүм керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2019, 13:44
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Эгер сиз кызмат өтөгөн аскер бөлүмүндө бош вакансия болсо, контракт түзүп сержант же прапорщик кызматында калып иштесе болот. Ал эми офицер болуу үчүн жогорку билим керек.
Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн аскер институту бар. Эгер ЖРТ боюнча алган балл 110 жогору болсо, ошол жакка документ тапшырып окууга өтсөңүз болот.
Ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп