// //

Апамдын өлгөндүгүн кантип тастыктасам болот? Юрист жооп берет

2019.05.23, 12:30
2443

Саламатсызбы! Менин апам жер алуу үчүн кезекке турган. Жер ушул жылы бөлүндү, токтом колубузга тийди. Апам 2018-жылы ноябрда кайтыш болуп калган. Жер апамдын атына чыгыптыр. Өзүмө которуп, кызыл китеп жасатыш үчүн апамдын өлгөндүгү тууралуу кара кагазы керек экен. Биз аны алалбай жатабыз.  Айыл өкмөтүнө, поликлиникага, аймактык тескөөчүлөргө кайрылдык. 
Алар, "бере албайбыз, каза болгон күнү тез жардам чакырып, түшүндүрмө кагаз жаздырып албапсыңар",-дешти. Эмне кылсак болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2019, 12:37

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Бейтапканадан же милициядан алынган эч кандай маалымкат жок болсо, апаңыздын өлгөндүгүн аныктоо үчүн сотко кайрылып, каза болгонун көргөн күбөлөрдү алып барасыз. Сотко кантип кайрылууну билбей жатсаңыз, редакциядан менин байланыш телефонумду алсаңыз, доо арыз кантип жазылаарын айтып берем. Маселени бат эле чечип койсо болот, адвокат жалдоонун кереги жок. Сот өлгөндүгүн аныктагандан кийин сизге кара кагаз берилет. Аны алып, жерди мураскор катары өзүңүзгө өткөрүп аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт