Мектеп ремонтуна жылына 300 сом төлөйбүз. Бул мыйзамдуубу?
Ош шаарындагы №51-орто мектеп окуучулардан жылына 300 сомдон чогултуп алат. Банкта атайын эсепке төлөйбүз. Бул мыйзамдуубу же жокпу? Оңдоп-түзөө иштерине жумшалаарын айтышат. Мектеп ремонтуна министерство акча бөлбөйбү?
Марина Гречаная
Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы
Саламатсызбы! Жыл сайын Ош шаарынын, андан тышкары республиканын башка орто мектептерин ремонттон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт. Ошону менен катар, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга ылайык, ата-энелер жалпы билим берүү мектептерине тиешелүү болбогон коомдук фонд түзүп, ага колдоо көрсөтө алышат. Бул каражаттар фонддун эсебине түшөт, мамлекеттик бюджетке киргизилбейт. Каражаттарды кантип колдонуу керектигин ата-энелер өздөрү чечет. Эгерде сиз мыйзам бузуу аракеттерин байкасаңыз, райондук билим берүү башкармалыктарына кайрылыңыз.