// //

41демин, турмушка чыккандан коркуп жатам. Жалгыз бой аялдын баяны

2019.05.21, 12:14
4931

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бактыгүл, 41 жаш

41демин. Күйөөмдүн таштап кеткенине 14 жыл болду. 3 балам менен ата-энемдикинде жашадым. Көр тирилик деп жүрүп, Россияга да барып иштеп келдим. Бутума турдум. Учурда мектепте мугалиммин.

Ар түрдүү эркектерге кезиктим: бирөөсү кумарын кандыргысы келсе, экинчиси баш кошолу дейт. Балдарым деп эч кимине көңүл бөлбөдүм.

Жакында өзүмөн 15 жаш улуу адам менен тааныштым. 3 баласы бар экен, аялы менен ажырашканына 10 жылдай болуптур. Мүнөзү жумшак, шайыр, көңүлдү караган мырза экен. Кыскасы мага жакты.

Аз өтпөй баш кошуу жөнүндө айта баштады. Эмне кылаарымды билбей олтурам. Себеби, балдарым үй-бүлөлүү болуп калды, неберелерим бар, карыган ата-энем менен жашайм, аларды таштап кете албайм. Эгер бул адамдан баш тартсам, келечекте балдарым өзү менен өзү болуп кеткенде, өкүнүп калсамчы. Эмне кылсам?

Асель Баимбетова, психолог

Ар бир аял бактылуу болууга укуктуу. Сиздин да турмушка чыгууга толук укугуңуз бар. Мен болгону шашпай, өнөктөшүңүздү жакшылап таанып билүүнү сунуш кылам. Чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү убакыт алып, ата-энеңиз жана балдарыңыз менен кеңешип көрүңүз. Бул олуттуу кадамды шашып же ал мырзанын ынандыруу басымы алдында таштоонун кереги жок. Бардык жагын таразалап, анан бир чечим кабыл алыңыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
И
Ибраим
22.05.2019, 07:41

Туура пикир турмуш круң.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт