// //

Паспортумдагы туулган жеримди өзгөртсөм болобу? Адис жооп берет

2019.05.21, 09:45
942

Саламатсызбы, мен Кызыл-Кыяда төрөлгөм, кийин шартка байланыштуу Тажикстанга кетип калып, күбөлүктү ошол жактан алгам. Азыр Кыргызстандын жаранымын. Төрөлгөн больницага кайрылып, архивден маалыматты алып чыгып, паспорттогу туулган жеримди өзгөртсөм болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.05.2019, 09:46

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы

Урматтуу окурман, эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүгүңүздө туулган жери деген графасында Тажикстан деп жазылып турган болсо, тилекке каршы паспортуңузду өзгөртө албайсыз. Ал эми күбөлүктө Кыргызстан деп жазылса, паспорт столуна арыз менен кайрылып, өзгөртүп алсаңыз болот. Жаныңызга паспорт жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүңүздү алып алыңыз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт