Эмнеге эрте куракта чачка ак түшөт?
2019.05.20, 16:48
3134
Жашым 29 да. Эмнеден улам чачка ак түшөт? Акыркы 3-4 жылдан бери ак чачтар көбөйүп кетти. Жоолук салынганда көрүнүп калат. Кайсы адиске көрүнүү керек? Алдын ала рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2019, 16:55
Надира Бейшеева
Трихолог
Урматтуу айым, чачтын агаруусу пигмент берүүчү клеткалар меланин иштеп чыгара албай калгандан улам болот.
Эң биринчи себеби, тукум кууйт. Ошондой эле, стресстен, калкан бездин гиперфункциясынан, анемия, организмде ар кандай витаминдер жетишпегенден (В12,В9,жез,темир), жана зыяндуу адаттар меланиндин иштөөсүн начарлатып чачтын эрте агаруусуна себепчи болот.
Мүмкүн болсо редакциядан менин номурумду алып мага кайрылыңыз. Ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп