// //

ЖРТ тапшыруу үчүн бир күн ооз ачса болобу? Теолог жооп берет

2019.05.20, 15:03
2256

Орозо кармаган адам жалпы республикалык тест күнү оозун ачып койсо болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2019, 15:10

Кадыр Маликов

Теолог

ЖРТ тапшыруу үчүн бир күн ооз ачууга болбойт. Эң негизги нерсе - ниет экенин унутпайлы. Орозону кудай үчүн кармайт. Ошондуктан, экзамен, машыгуу же ысык болобу, чыдап кармаш керек. 

Өзгөчө учурларда, мисалы, көтөрө алгыс физикалык басым болуп, физикалык жактан чыдай албай, өзүн жаман сезип баштаса, ошол күнү оозун ачып, кайра эртеси бекитип, кийин карызын төлөп койгонго уруксат берилет.

Бирок, алдын ала эртең машыгуу же ЖРТ бар деген ниет менен оозун ачып койсо, 60 күн орозо кармап берет. Баары абалдан жана ниеттен көз каранды. Орозо кармагандан кийин чыдап, аягына чейин жетүү керек.

0
Пайдалуу жооп
20.05.2019, 21:15

Кыйналып кетип атпайбызбы иштей албай

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт