// //

Бала бакчалардын оюнчуктарына мамлекет акча бөлүп береби?

2019.05.20, 14:54
656

Саламатсызбы! Мамлекеттик бала бакчалардын оюнчуктарына мамлекет акча бөлүп береби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2019, 14:55

Марина Гречаная

Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы

Саламатсызбы! КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 токтомунун 6 – пунктунун 1- абзацына ылайык КРнын Билим берүү жана илим министрлиги буларды каржылайт:

  • коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
  • имараттарды жана жайларды күтүү 
  • мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын чыгымдары
  • мектепке чейинки, мектептен тышкары жана башка билим берүү уюмдарынын эмгек акы төлөө фонду.

Ал эми 6-пунктунун 2- абзацына ылайык, мектепке чейинки (бала бакча), мектептен тышкаркы жана жалпы билим берүүчү уюмдардын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн жана имараттар менен жайларды күтүү чыгымдарын, ошондой эле бардык чыгымдарын каржылоо функциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сакталат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт