ГАИ жазып берген протоколду жоготуп алдым. Кайда кайрылам?
ГАИге суроом бар. Светофордон кызылга өтүп кеттим эле. ГАИ токтотуп протокол жазып берген. Мен ал кагазды жоготуп алдым. Аны каяктан кайра калыбына келтирем. Же кайсы жерге барып штраф төлөйм? Штрафты төлөбөй койсом башка өлкөгө чыга албай каламбы?
Тилек Оторов
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын пресс-катчысы
Протоколду жоготуп алсаңыз Бишкек шаарынын ЖКККБсинин административдик практикалык бөлүмүнө келиңиз. Ал жакта протоколдун көчүрмөсү бар. Ошол көчүрмөнүн негизинде айып пулду төлөсөңүз болот.
15 күндүн ичинде 50% төлөнүп, калган бөлүгү 30 күндө төлөнүүгө тийиш. Ушул мезгил аралыгында төлөнбөсө сиздин ишиңиз сотко берилет. Тилекке каршы андай боло турган болсо, чет өлкөгө чыга албай каласыз.