27 жаштагы жигит кечки мектепте окуй алабы? Адис жооп берет
2019.05.20, 10:10
946
Саламатсызбы! Кечки мектепке канча жаштан баштап кабыл алынат? 27 жаштагы, 4-класс билими бар жигит кечки мектепте окуй алабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2019, 10:11
Чынара Исакова
Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Саламатсызбы! Кечки мектепте убагында мектепти бүтпөй калган окуучулар, жашы өтүп кеткендер, үй-бүлөлүү адамдар жана башкалар окуйт. Ал жерде жаш куракка чектөө коюлбайт.
27 жаштагы жигит мурун кайсы мектепте окуса, ошол жерден документтерин, жетишүү табелдерин алып келиш керек. Кечки мектепте окуу акысыз.
0312 61 23 40 номерине байланышсаңыз, кечки мектептер жөнүндө толук маалымат берем.
0
Пайдалуу жооп