Керектөө насыялары тууралуу эмнелерди билүү керек? Адис айтып берет
«Компаньон Банкы» ЖАК кредиттөө башкармалыгынын регионалдык менеджери Адилет Темирбеков банктын кардарларынын арасында суроо-талап жараткан керектөө насыясы жөнүндө айтып берди.
Керектөө насыясы деген эмне?
Керектөө насыясы – жеке жактардын керектөө максаттары үчүн берилген (эмерек, уюлдук телефондор, турмуш-тиричилик техникасы ж.б.) карыз акча болуп саналат.
Керектөө насыясынын өзгөчөлүгү эмнеде?
Керектөө насыясынын эң негизги өзгөчөлүгү – ылдам, кепилдиксиз жана күрөөсүз болушу. Орто эсеп менен банктар тарабынан керектөө кредиттери үчүн чечим 5 күнгө чейин кабыл алынат. Насыяны – накталай, пластикалык картада же товар түрүндө алса болот.
Керектөө насыяларын кимдер алалат?
Керектөө насыясы 18 жаштан өйдө жарандарга берилет. Төмөндөгү документтер топтомун тапшыруу зарыл.
- насыя алуучунун паспорту;
- кирешелерин ырастоочу документтер-патент, ЖИ күбөлүгү, акыркы 6 ай үчүн айлык акы жөнүндө маалымкаты ж.б.;
- банктын талабы боюнча насыя түрүнө байланыштуу башка документтер.
Керектөө насыяларын алаардан мурун эмнелерди билүү керек?
- Мүмкүнчүлүктөрдү баалоо. Канча акча, канча мөөнөткө чейин керек экенин эсептеп чыгуу. Алган акчаны үстөк пайыз менен кайтарып берүү керек экенин билүү.
- Ай сайын төлөнчү сумманы эсептөө. Келишимде кошумча акы төлөнүүчү кызматтар (мисалы, смс билдирүүлөр) камтылган жокпу окуп чыгуу.
- Кредиттин наркына өтүнмөнү кароо, келишим үчүн документтерди даярдоо кызматы кошулбай турганын билүү.
- Төлөө графигине көңүл буруу. Эгер эмгек акыны айдын 10унда алса, төлөм графигин ошого жараша түздүрүү.
- Банктан төлөмдөрдү убагында төлөй албай калса эмне болоорун суроо.
- Келишимге дароо кол коюуга шашылбоо. Ойлонууга убакыт алуу.
Керектөө насыясын алууну пландап жаткан болсоңуз бул жерди басыңыз.