Орозомун, жумушум оор, оозумду ачып алсам болобу?
2019.05.17, 13:04
1343
Жакында эле Турцияга иштегени келдим. Орозо кармап жатам. Бирок жумушум оор болгондуктан кыйналып кеттим. Эмне кылсам болот? Ачып салгандан коркуп жатам. Рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.05.2019, 13:07
Бактияр Токтогазы уулу
КМДБнын "Фатва" бөлүм адиси
Окурман, орозодо бардык адамдар кыйналат. Бирок адамдын кыйынчылыкка чыдап орозо кармаганга күчү жетет. Ошондуктан Аллах таала парз кылган. Ниетти туура коюп, орозоңузду улантсаңыз жеңил болот.
Ийгилик каалайм, кармаган орозоңуз кабыл болсун!
0
Пайдалуу жооп