Шаардан төрөдүм, учетум айылда, баланын күбөлүгүн бул жерден эле алсам болобу?
2019.05.17, 12:03
848
Саламатсызбы. Жакында шаардан төрөдүм, бирок учетум айылда. Балага күбөлүктү айылга барып отурбай эле бул жерден алсам болобу? Кайсы жака кайрылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.05.2019, 12:06
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Урматтуу окурман, албетте күбөлүктү шаардан алсаңыз болот. Айылга барыштын зарылчылыгы жок. Төрөт үйү кайсы районго караштуу болсо, ошол райондун ЗАГСына барып күбөлүк аласыз. Жаныңызда:
- баланын ата-энесинин паспорттору;
- үйлөнүу жөнүндө күбөлүгү;
- жана төрөт үйүнөн берилген маалымкат болуш керек.
Мамлекетке күбөлүк үчүн 100 сом акы төлөнөт.
0
Пайдалуу жооп