Боюнда бар аял бетине кандай кам көрүш керек? Косметолог жооп берет
Саламатсызбы. Менин боюмда бар. Бетиме кандай кам көрсөм болот? Тоналдык крем, күндөн коргоочу кремдер так түшүрбөйбү?
Аида Аскеева
Косметолог
Кош бойлуу аял сөзсүз өзүнө кам көрүшү керек. Бирок этият болуңуз. Химиялык тазалоо, вакуумдук тазалоо, пилинг сыяктуу процедураларды жасаткан болбойт. Ошондой эле курамында “А” витамини бар кремдерди колдонбоңуз. Балага терс таасирин тийгизет.
Боюнда бар аялдар мүмкүн болушунча коопсуз, жана табигый каражаттар менен колдонгону жакшы. Туура эмес тандалган косметикалык каражаттар терини жабыркатып, кургатып, аллергия кылышы мүмкүн.
Кадимки гигиенаны сактап, сууну аз-аздан бирок улам ичип туруңуз. Себеби кош бойлуу аялдын териси кескин кургап кетет. Бетиңизди нымдап турган жана күн нурунан коргогон SPF кремдерди колдонуңуз.