// //

Кош бойлуумун, арт жагымда эт өсүп чыккандай болуп турат. Бул эмнеси?

2019.05.16, 12:14
1006

Мен учурда кош бойлуумун 6-7 айлык боюмда бар. Көчүгүмдө эт өсүп чыккандай болуп турат. Башында тынчымды алчу эмес, эми оорутуп, кычышып жатат. Төрөттөн кийин өзү эле кетеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.05.2019, 12:15

Узакжан Бектенов

Проктолог

Аял кош бойлуу кезинде геморрой пайда болушу мүмкүн. Андан тышкары:

  • аналдык жарака;
  • түз ичегинин онкологиялык оорусу;
  • түз ичегинин түшүшү;
  • колиттер, кандиломалар, полиптер ж.б. болушу мүмкүн.

Ар биринин дарылоо ыкмалары бөлөк, ошондуктан сөзсүз проктологго көрүнүү керек. Төрөттөн кийин өзү эле өтүп кетпейт, күчөп кетиши мүмкүн. Себеби төрөт учурунда ынынганда көчүккө да күч келет. Проктологго көрүнгөндөн кийин диета кармап, суюк тамак көбүрөөк ичиңиз. Камыр, ачуу, туздуу майлуу тамактардан баш тартыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
01.06.2019, 20:32

Саламатсызбы менин жети айлык боюмда бар жыныстык кыным оруп жатат эмне кылсам болот алдын ала рахмат .

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт