Кош бойлуумун, арт жагымда эт өсүп чыккандай болуп турат. Бул эмнеси?
2019.05.16, 12:14
1219
Мен учурда кош бойлуумун 6-7 айлык боюмда бар. Көчүгүмдө эт өсүп чыккандай болуп турат. Башында тынчымды алчу эмес, эми оорутуп, кычышып жатат. Төрөттөн кийин өзү эле кетеби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.05.2019, 12:15
Узакжан Бектенов
Проктолог
Аял кош бойлуу кезинде геморрой пайда болушу мүмкүн. Андан тышкары:
- аналдык жарака;
- түз ичегинин онкологиялык оорусу;
- түз ичегинин түшүшү;
- колиттер, кандиломалар, полиптер ж.б. болушу мүмкүн.
Ар биринин дарылоо ыкмалары бөлөк, ошондуктан сөзсүз проктологго көрүнүү керек. Төрөттөн кийин өзү эле өтүп кетпейт, күчөп кетиши мүмкүн. Себеби төрөт учурунда ынынганда көчүккө да күч келет. Проктологго көрүнгөндөн кийин диета кармап, суюк тамак көбүрөөк ичиңиз. Камыр, ачуу, туздуу майлуу тамактардан баш тартыңыз.
0
Пайдалуу жооп