ЖРТ тапшырайын десем, аттестатымды бербей коюшту. Адис жооп берет
2019.05.16, 11:21
1398
Саламатсызбы! Мен быйыл Ош мамлекеттик университетинин колледжин бүтөм. ЖРТ тапшыруу үчүн аттестатымды алайын десем бербей коюшту. Мындай кылганга алардын акысы барбы? Аттестатымды кантип алсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.05.2019, 11:22
Марина Гречаная
Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы
Саламатсызбы! Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн окуу жайыңыздан колледжди бүтүп жаткандыгыңыз тууралуу маалымкат аласыз. Бул маалыматкаттын негизинде ЖРТ тапшырсаңыз болот.
Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп