Бюджетте окугандар университеттен кете турган болсо акча төлөйбү?
Саламатсызбы. Мен Кыргыз улуттук университетинде бюджетте окуйм. Быйыл биринчи курсту бүтөм. Эгер университеттен кете турган болсом акча төлөй турганымды уктум. Бул чынбы же калппы?
Марина Гречаная
Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө жобосуна ылайык, бюджетте окуган студенттер, окуудан кете турган болсо, окуган мөөнөтүнүн акысын төлөп берет.
Тактап айтканда, грант ээси адисти даярдоо үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндөгү чыгымдарды билим берүү уюмуна төмөнкү учурларда кайтарып берүүгө милдеттүү:
- педагогикалык, фармацевтикалык же медициналык адистиктер боюнча окууну аяктагандан кийин жолдомо аркылуу иштөөдөн баш тартканда;
- себепсиз же өз каалоосу менен ЖОЖдон чыгарылганда;
- келишим боюнча окуунун наркын төлөө менен окууга өткөндө же окшош эмес адистиктерге которулууга байланыштуу ЖОЖдон чыгарылганда.